Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Трамп Путинге ал украин президенти менен сүйлөшпөсө деле жолугарын билдирди


АКШ президенти Дональд Трамп Путин өзү менен жолугушуу үчүн украин лидери Владимир Зеленский менен сүйлөшүү өткөрбөй деле койсо болорун билдирди.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Ак үйдөгү маалымат жыйында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ага чейин New York Post гезити Ак үйдөгү булактарына таянып, Путин Зеленский менен жолуккандан кийин гана Трамп орус лидери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө макул болорун жазып чыккан. Бирок бейшембиде Дональд Трамп мындай шартсыз эле Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин журналисттерге билдирди.

Анын алдында орус президенти Владимир Путин Украинанын лидери Зеленский менен жолугушууга каршы эместигин, бирок мындай сүйлөшүү үчүн тиешелүү шарт түзүлүшү керектигин билдирген. Путин мындай шартка “дагы көп бар” деп айткан.

АКШ жана Орусиянын лидерлеринин жолугушуусу тууралуу сөз ушул шаршембиде АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Москвага келип, Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин айтылган.

Кремл Владимир Путин менен Дональд Трамп "жакынкы күндөрү" жолугушарын ырастады. 7-августта Путиндин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков жолугушууга даярдык башталганын жана Москва менен Вашингтон аны кай жерде өткөрүү боюнча "принципиалдуу макулдашуу" түзгөнүн билдирди.


Шерине

XS
SM
MD
LG