Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Орусиянын Курск облусунда 300дөй киши дайынсыз


Дрон чабуулуна кабылган имараттар. Орусиянын Курск облусу.
Дрон чабуулуна кабылган имараттар. Орусиянын Курск облусу.

Бир жыл мурун Курск облусуна Украинанын куралдуу күчтөрү бастырып киргенден бери 293 кишинин дайын-дареги беймаалым. Орусиянын Тергөө комитети бир жыл ичинде облустагы аскердик салгылаштардан 330 жай тургун мерт болгонун, 550дөн ашуун киши жараат алганын кабарлаган. Украинанын бийликтери акыркы жарым жылда облуста 112 киши каза тапканын, алардын 36сы орус армиясынын чабуулдарынан мерт болгонун билдирген. Киев украин аскерлери көзөмөлдөп турган аймактарда урушка чейин 2000ге жакын киши жашап турганын тактаган.

Москва согуш башталгандан бери Украина менен чектеш аймактардан 180 миңдей киши башка жактарга жер которгонун маалымдаган. 122 шаар-кыштактарга кирүүгө жол жабык, же катуу чектелген бойдон. Жакындарын издеген жергиликтүү тургундар өлгөндөр көмүлгөн жайларды казып, маркумдардын ысымдарын тактоого үндөсө, бийлик өкүлдөрү аскердик операциялар улантылып жаткан шартта андай иштерди жүргүзүү мүмкүн эмес деп жооп кайтарып келатышат.

Шерине

XS
SM
MD
LG