Орусиядагы көмүскө батальондор: Улутуна карап согушка жалдоо уланууда

Украинадагы согушта жоготуулар көбөйгөнү орус бийлиги абактагыларды, армия курагына жеткендерди, алыскы региондордон этностук азчылык өкүлдөрүн жана борбор азиялык эмгек мигранттарын майданга күчтөп жалдоо тактикасын бекемдеп жаткандай.

"Свобода" радиосунун "Сибирь.Реалии" долбоору чогулткан маалыматтарга караганда, Поволжье, арасында Татарстан менен Башкырстандагы жана Сибирдин айрым жерлериндеги түрмөлөрдө отургандар аларды согушка барууга мажбурлоо үчүн такай уруп-сабашканын, психологиялык басымга, корктууларга туш болгонун айтып беришкен.

"Русь сидящая" фондунун жетекчиси Ольга Романованын айтымында, ошол кишилерди эң кооптуу тапшырмаларды аткарган "Шторм-Зет" ("Шторм-Z") деген чабуул коюучу бөлүктөргө жөнөтүшөт.

Бир кездери айыпкерлерге толуп калган түрмөлөр азыр ээн калууда. Тергөө абактарынан которулгандар азайып жатат. Романова “шектүүлөрдүн бир тобу сотко же абакка чейин жетпей калганын" "Настоящее время" телеканалына айтып берди.

«Полиция эми майда кылмыштар үчүн да күнөөлөнүп жаткан кишилерге келишим сунуш кылууга укуктуу жана ага кызыкдар”.

Украинага басып кирген 2022-жылдын февралынан бери Орусия фронттогу кармаштарга он миңдеген аскерди салган.

Эки тарап тең жоготууларга кабылып келатат.

Уруш баштагандан бери Москва канча кишиси фронтто каза тапканын ачыкка чыгарбаганы менен бир катар уюмдар ачык булактарга таянып алардын санын аныктоого аракет кылып келет. Июнда Британиянын Коргоо министрлиги алардын баамында, набыт болгондор жана жараат алгандар бир миллионго жетерин билдирген. Бул статистика АКШнын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун маалыматына дал келет. Алар 950 миң деген санды жарыялаган.

Бул чындык болуп чыкса, анда Орусия он жылга созулган ооган согушуна караганда бул жолу аскерлерди алганда 15 эсе көп жоготууларга учурады.

Дагы караңыз Орусия жаңы түйүн аркылуу согушка ыктыярчыларды жалдап жатат

Мындай шартта орус бийлиги түндүк кореялык миңдеген аскерди согушка салуудан баштап өлкө аймагындагы абактарда отургандарды тартууга чейин барууга аргасыз.

Романова белгилегендей, ар бир кишини жалдоо үчүн полиция кызматкерлерине сый акча төлөө каралган.

2023-жылы 10 миң рубль болсо. Азыр 100 миң рублга (1125 АКШ доллары) жеткен.

“Салыштыра кетсек, региондордогу полиция кызматкерлеринин орточо айлыгы 40 миң рублду түзөт. Эми алар кандай абалда экенин элестетсеңер”, - деп кошумчалады активист.

Анын айтымында, 2023-жылдан тарта соттолгондорду жапырт согушка жөнөтүүгө байланыштуу Орусияда 90 абак жабылды.

Былтыр октябрда президент Владимир Путин сотко чейин аскердик келишимдерди түзүүгө уруксат берген мыйзамга кол коюу менен иш жүзүндө тергөө абагындагыларды күчкө салып согушка жалдоону мыйзамдаштырды.

“Абактагылардын баарын сабашкан”

Өзүн Светлана деп тааныштырган аял анын Поволжьедеги абакта отурган сүйлөшкөн жигитин катуу сабашканын “Свобода” радиосуна айтып берген.

“ОМОНдун 100дөн ашык кызматкерин чакырып алып, келишимге кол койгуча бардыгын туш келди уруп токмоктошкон. Жигитим кабыргалары, буту-колу сынган кишилерди алып чыгып жатышканын өз көзү менен көргөн. Кээ бирлерин ошол жарааттары менен согушка алып кетишкен”.

Орусиядагы абак

Светлана кошумчалагандай, “фронтко баруудан баш тарткандарды башка түзөтүүчү жайга которгондо жиликтейбиз деп коркутушкан”.

Расмий органдар бул айыптоолорду комментарийлеген жок.

Фронтко барууга каршы болгон айыпкерлер катуу жазаланып, телефондорун алып коюшат, жакындары менен кездештирбейт.

Дагы караңыз Жалданмачылык иши: "Орус үйүнүн" кызматкери үй камагына чыкты

Кемерово облусунун тургуну Натальянын баласы маңзаттарына байланыштуу кесилген. Анын айтымында, уулу бир нече убакыт туруштук берип келип, бирок акыр-аягында кысымга чыдабай согушка баруу келишимине кол коюуга аргасыз болгон.

“Колун бурап, макул кылдырышканын айтып берген. Анан дайынсыз жоголду. Эки жылдан кийин эркиндикке чыкмак. Эми болсо дайыны жок болду.”

2022-2023-жылдар аралыгында Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы абактагы 58 миң киши дайынсыз кеткенин маалымдаган. Адегенде айыпкерлерди айтылуу “Вагнер” менчик аскердик компаниясы жалдап жүрдү, эми Коргоо министрлигинин көмүскө батальондоруна жөнөтүп жатышат.

Романова билдиргендей, согушка жалдангандардын арасында аялдар да бар. Биринчи каналдын кабарчысы аялдар колониясынан пропагандачыл репортаж тартмак. Муну менен бирге ал жалдоо иштери менен алектенип, журналисттин чакырыгы менен аскерге ондогон киши жазылып, «Эсмеральда» отрядынын курамында фронтко жөнөтүлгөн.

Казармадан сөөк салган баштыкка чейин

2023-жылы мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, куралдуу күчтөргө алынгандар кызмат өтөөнүн биринчи күнүндө майданга баруу тууралуу келишимге кол кое алат. Путин 2022-жылы армияда кызмат өтөгөндөр согушка жөнөтүлбөйт деп убада бергени менен миңдегени урушка салынып, көбү кайтып келген жок.

23-июлда орусиялык 18-19 жаштагы Данияр Керейбаев, Юрий Вицинец жана Денис Можайцев видео кайрылуу жаздырып, армияга чакырылгандан кийин аларды алдап туруп мөөнөтсүз келишимге кол койдурушканын айтып беришкен.

Алардын айтымында, Кяхта шаарындагы бригадага барганда командири фронтко жөнөтүү менен коркута баштаган.

Үрөй учурган окуяга 19 жашагы Артём Антонов кабылган. Татарстандан барган жигит Ыраакы Чыгыштагы Уссурийск шаарында контрактка кол койбой койгондо, аны башка атышкан.

«Артём акырына чейин келишимге кол коюудан баш тартып келген! Атайын аскердик операция армияны концлагерге айландырды», - деп айтып берди маркумдун досу Игорь.

Дагы караңыз "Орус аскерлеринин көбү согуштан чарчады". Мурдагы "вагнерчинин" баяны

Маалыматтарга караганда, айыл жергесинен, Татарстан, Башкырстан, Дагестан, Тыва, Калмыкия, Удмуртия жана Бурятия өңдүү жакыр аймактардан чыккан ондогон улан армияга чакырылган жеринен күчтөп майданга жөнөтүлүп каза тапкан.

Айрымдары келишимге кол койгонун да билбегенин айтышат. Башкалары өткөн ноябрда аскердик бөлүктө чаң-тополоң салган 10 жоокердей болуп качып кетишкен. Аларды дезертир деп жарыялашкан.

Улутуна карап согушка жалдоо

Көптөгөн маалыматтар биринчилерден болуп урушка улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн салышарын ырастайт. Туладагы абакта отурган кишинин жакындары башка улуттагы 15 айыпкер аларга экстремизмге байланышкан кошумча күнөө тагылат деп коркутканда контрактка көнүүгө мажбур болгонун кеп салышкан.

«Улут чоң роль ойнойт. Бийлик ал топту өлүмгө сала турган биринчи талапкер деп эсептейт», - деп айтты түрмөдөгү булактардын бири.

Дагы караңыз 166 миң жарадар. Орусиянын госпиталдарында катылган чындык

Борбор Азия жана Кавказдан чыккан мигрант-айыпкерлерди ырайым берилет, орус жарандыгын алышат деп же чоң акчага азгырышат. Көп учурда убадалар аткарылбайт.

Кремль согуштагы жоготууларын жашырып, өз саясатына макул эместерди куугунтуктап жаткан чакта Украинадагы согушта жакырлардын жана укуктары тебеленгендердин армиясы өлүмгө дуушар болуп келатат.

"Настоящеее Время" жана "Сибирь.Реалии" долбоорлорунун материалынын негизинде даярдалды.