Трамп менен Путин 15-августта Аляскада жолугат

Трамп Азербайжан менен Армениянын ортосундагы келишимге кол коюу маалында

АКШ президенти Дональд Трамп менен орус президенти Владимир Путин 15-августта Аляскада жолугушат. Бул тууралуу жума күнү кечинде Трамп кабарлады.

Жолугушуу тууралуу деталдуу маалымат жарыялана элек. Бирок Трамп журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Орусия менен Украинанын ортосундагы ыктымал тынчтык келишими “аймактарды алмашууну” камтышы мүмкүн экенин билдирди.

“Эки тараптын кызыкчылыгы үчүн айрым аймактарды алмашуу болот. Биз кай-бир аймактарды кайтарабыз, айрымдарды алмашабыз”,- деди АКШ президенти.

Мындай маалыматты Трамп Вашингтондо Азербайжан жана Армениянын ортосундагы жаңы транспорт коридору тууралуу келишимге кол койгон соң жарыялады.

АКШ жана Орусиянын лидерлеринин жолугушуусу тууралуу сөз ушул шаршембиде АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Москвага келип, Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң айтыла баштаган.

Трамп орус жана украин президенттери менен бирге жолугууну ниеттенгенин айтып, Путин жана Зеленский менен бирге жолугушуу болуп калышын четке каккан жок. Бирок Москва мындай үч тараптуу жолугушуу азырынча эрте экенин билдирүүдө.

Талдоочулар Трамптын соңку билдирүүлөрүнө караганда ыктымал тынчтык келишиминин алкагында Украинага соңку согушта Орусия басып алган айрым аймактардан баш тартуу сунушталышы мүмкүн. Расмий Киев мындай шартты толугу менен четке кагып келет.