"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Нарын районунун Байгазак айылындагы мектеп окуучулары дене тарбия мугалиминин үйүнө барып, спорт менен машыгып турушат. Айылдын мектебинде спортзал жок болгондуктан мугалим балдарды үйүнө чакырып, сабак өтөт. Олимпиадага барууну максат кылган жеткинчектер көп.
Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылына 32 миллион сомго тартылган таза суу түтүктөрү кыш келгени тоңуп, чыкпай калууда. Жергиликтүү тургундар муну айылга суу тартып келген компаниянын ишти жакшы аткарбаганы менен байланыштырып, нааразы. Компания болсо маселенин чоо-жайын башкача түшүндүрүүдө.
Нарында кургак учуктун оор формасы менен ооруган бейтаптар көбөйүп жатат. Арасында балдар да бар. Буга байланыштуу облустук бийлик “Юсаид” уюму менен бирге балдар арасында кургак учукту аныктоо боюнча долбоорун ишке ашырды.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында жашы сексенди таяп калган Нурийпа Шакирова азыркыга чейин айылдагы эмканада дарыгер болуп иштейт. Анын ооруканада иштегенине жарым кылымдан ашты.
Эркин күрөш боюнча жаштар арасында дүйнөнүн вице чемпиону Калмира Билимбек кызы быйыл жазында өтө турган Азия оюндарына даярдык көрүп жатат. Учурда ал Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы атасы салган күрөш залда машыгууда.
Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургуну Сыядат Сыдыкова балык багат. Ал өндүргөн продукциясын Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарындагы балык чарбаларга сатат. Сыдыкованын эмгегинин аркасы менен айылда да акыркы жылдары балык чарбалары көбөйгөн.
Нарын районунун Таш-Башат айылында 2015-жылы курулушу башталган мектептин спорт залы дагы эле бүтпөй турат. Балдар кыш чилдеде сыртта ойноп жатышат. Мектептин өзүнүн имараты да авариялык абалда.
Нарындагы лыжа спорт мектебиндеги жападан жалгыз канаттык жолдо окуучулар үчүн шарт толук тузүлгөн эмес. Атайын техникалардын жоктугунан балдар көк муштум болгуча трассаны жөө таптап чыгышат.
Жубайлар Азамат Нарымбаев менен Алия Тынчтыкбекова Нарын районунун Эки-Нарын айылындагы Мукаш Мамбетов атындагы орто мектептин жаш мугалимдери. Алар эки жыл мурда бул айылга атайын мектепте иштеш үчүн Нарындын башка айылынан көчүп келишкен. Жубайлар бул аралыкта билим берүүнүн жаңы ыкмаларын колдону
Ат-Башы районунун Ак-Өргө айылында 80дей үй-бүлө үлбүлдөп күйгөн жарык менен күн көрүүдө. Кыштактагы электр энергиясынын кубаты жакшы эмес. Суук түшкөнү алар көмүрдөн да каржалып турушат. Анткени элдин күнүмдүк тиричилиги от жаккан мешке байланган.
Суук түшөрү менен Борбор Азияда электр энергиясына болгон таңкыстык курчуду. Чөлкөмдүн бүтүндөй калкына электр жарыгы үзгүлтүк менен берилүүдө. Борбор Азиядагы энергетикалык кризистин себеби эмнеде?
Ат-Башы районунун тургуну Айнура Эрматова кымбатчылык айынан үч баласына жетиштүү тамак-аш алып бере албай келет. Акчаны үнөмдөөгө аргасыз болгон келин балдарына витаминге бай азыктарды сатып бере албаса да, күнүмдүк наны табылып турганына ыраазы.
Ат-Башы районунда токойчулар ийне жалбырактуу дарактардын көчөтүн өстүргөн атайын питомниктерди куруп, табияттын камын көрүүдө. Тоолуу аймакта төрт түлүк эсепсиз көбөйгөндүктөн жайыттар такырланып, карагайдын көбөйүшү да басаңдап кеткен.
Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын тургуну Гүлнара Жээнбекова 300дөн ашык үндүк багып, айылга жаңылык алып келди. Азыр ал үндүктөрүн четинен сатып, пайда көрүп жатат. Гүлнара күйөөсү менен чарбачылык кылганга чейин Орусияга мигрант болуп кетүүнү ойлонуп жүргөн.
Экинчи топтогу майып Улукбек Букарадинов Нарынга "Чексиз" аттуу социалдык ишкана ачып, майыптыгы бар беш балага жумуш ордун түзүп берди. Ал эл аралык уюмдарга долбоор жазып, сувенир чыгарган жабдууларды сатып алган, ошондой эле машыгуу залын ачты.
19-ноябрда, Бишкекте аял ишкерлердин бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленди.
Кара-Кече кени жайгашкан Нарын облусунда быйыл көмүр тартыш. Кышы катаал аймактын тургундары көң жагууга аргасыз. Облустук бийлик болсо кенден көмүр тынымсыз ташылып жатканын, КамАЗ айдаган айдоочулар күнү-түнү тынымсыз иштеп жатканын айтууда.
Дагы жүктөңүз